Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:57

Орусияда Алексей Навальный 30 суткага камалды


Новосибирсктеги антикоррупциялык жүрүш. 12-июнь, 2017-жыл.

Москвада сот митинг өткөрүү эрежелерин бузган деген негизде коррупцияга каршы жүрүштүн уюштуруучусу, 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Алексей Навальныйды 30 суткага камоо чечимин чыгарды. Ишти кароо учурунда судья авдокаттардын күбөлөрдү чакыруу, процессти видеого тартуу жана протокол түзүү өтүнүчтөрүн четке какты.

12-июнда Орусиянын ондогон шаарларында өткөн коррупцияга каршы акцияда жүздөгөн адамдар кармалды. Демонстранттарды кармоо учурунда полиция күч колдонгону айтылууда. Навальныйды полиция Москвадагы демонстрация башталганга чейин эле үйүнүн сыртынан кармап кеткен.

Мындан мурда, 26-марттагы коррупцияга каршы жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция миңдей адамды кармап, анын ичинде Навальный 15 суткага кесилген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG