Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Трамптын миграцияга каршы жарлыгы сотто утулду


Кошмо Штаттардын Апелляциялык соту жети өлкөнүн жарандарын АКШ аймагына киргизбөө тууралуу президент Дональд Трамптын буйругу боюнча төмөнкү инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды.

Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин Ирак, Сирия, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салган. Натыйжада 100 миңдеген визаны жокко чыгып, көптөгөн нааразылыктар башталган. Буйруктун кийинки версиясында бул тизмеден Ирак чыгарылган.

Федералдык сот бул эки жарлыкты тең АКШ Конституциясын бузат деген жүйө менен белгисиз мөөнөткө токтоткон. АКШ өкмөтү соттун бул чечимдерин жокко чыгарууну талап кылган. Миграцияга каршы экинчи буйрук ишке кире элек жатып Гавайи штатынын федералдык судьясы тарабынан токтотулган. Трамптын администрациясы доо арыз менен Сан-Франциско сотуна кайрылган. Соттун чеиминде президент Трамптын аталган өлкөлөрдөн келген жарандар жана качкындар АКШнын кызыкчылыгана кандай каршы келип жатканын негиздеп бере албаганы белгиленген. Өкмөт Кошмо Штаттардын аймагында терроризмди алдын алуу иш-чаралары үчүн мындай тыюу убактылуу керек экенин белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG