Жалал-Абад облустук патрулдук милиция кызматында иштегендерге Ички иштер министрлиги Renault Logan үлгүсүндөгү он автоунаа берди. Унаалар бүгүн Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта тапшырылды.
Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, машинелер облустагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө, Бишкек-Ош жолундагы тилкелеш аймактарга бөлүнөт. (RsK)