Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Президент баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды


Индира Жолдубаева.
Индира Жолдубаева.

Президент Алмазбек Атамбаев 13-июнда баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда мамлекет башчы укук коргоо органдарын реформалоо алкагында көзөмөл органга өткөрүлгөн милдеттер тууралуу маалымат алды. Индира Жолдубаева башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы күрөш боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ишкерлердин укуктарын коргоо аракеттери тууралуу айтып берди.

Президент аталган орган кылмыштуулукту алдын алуу үчүн кылмыштарды каттоо жана талдоонун сапаттуу аткарылышын камсыздоого тийиштигин белгиледи.

Реформа алкагында Башкы прокуратурага кылмыштарды каттоо, кылмыш-укуктук статистиканы калыптандыруу, анализдөө, өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалын талдоо милдети өткөрүлүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG