Кыргызстанда пенсияга чыккан мугалимдердин пенсиясын жогорулатуу сунушталууда. Эгер каралып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, 20 жылдан көп иштеп пенсияга чыккан мугалимдер азыркыдай 5 миң сомдун тегерегинде эмес, 10 миң сомдон ашуун, ал эми 25 жылдан көп иштегендер 13 миң сомго жакын пенсия алышат.
Демилгени 12-июнда парламенттеги Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети карады. Сунушту депутат Евгения Строкова айтты.
Бүгүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымат жыйын куруп, төрт жыл ичинде мугалимлердин айлыгы төрт эсе көбөйгөнүн билдирди. Анын айтымында, 2011-2015-жылдардагы реформа алкагында мугалимдердин орточо маянасы 3500 сомдон 13800 сомго чейин жогорулаган.
Кыргызстандын мектептеринде 79 миңден ашуун мугалим иштейт.