Бүгүн экономика министри Арзыбек Кожошев менен Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит “Кош салык алуудан качуу жөнүндө" макулдашууга кол коюшту.
Ага ылайык, Британия бириккен падышалыгы жана Түндүк Ирландия менен Кыргызстандын ортосунда кош салык жоюлат.
Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, документ эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана банк, тоо-кен, эл аралык жүк ташуу, киноиндустрия, спорт тармактарындагы кыргыз-британ компанияларына жакшы шарт түзөт.
Келишимге үч жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилген. Эки өлкөнүн дипломатиялык алакасына быйыл 25 жыл толду. (NT)