Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

АКШнын Ооганстан боюнча стратегиясына “аймактык мамиле” жасалат


АКшын коргоо министри Жим Мэттис Ооганстандын расмийлери менен. Кабул, 24-апрель, 2017-жыл.
АКшын коргоо министри Жим Мэттис Ооганстандын расмийлери менен. Кабул, 24-апрель, 2017-жыл.

Коргоо министри Жим Мэттистин билдиргенине караганда, ал Ооганстан боюнча сунуштарды президент Дональд Трампка жакын арада бергени турат жана АКШ жаңы стратегиясында жалгыз бул өлкөдөгү узактан берки согушка гана басым жасабастан ага “аймактык мамиле” да жасалат.

Коргоо министри бул тууралуу Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын Аскерий иштери боюнча комитетиндеги жыйында билдирди.

Америкалык медиа буга чейин Вашингтондогу азыркы администрация Ооганстанга кошумча 3 миңден 5 миңге чейинки санда аскер жөнөтүүнү караштырып жатканын кабарлаган эле.

Учурда Ооганстанда жергиликтүү күчтөрдү машыктыруу менен алектенген 8400 жоокери бар.

АКШнын аскерий жетекчилиги Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн Талибан менен күрөшүнүн азыркы абалын “туңгуюк” деп мүнөздөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG