Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

ИМ тобу Орозо айында кол салууларды жасоого чакырды


"Ислам мамлекети" тобу өз пропагандасын жайылтуу үчүн Интернет ресурстардын мүмкүнчүлүгүн активдүү колдонуп келет.
"Ислам мамлекети" тобу өз пропагандасын жайылтуу үчүн Интернет ресурстардын мүмкүнчүлүгүн активдүү колдонуп келет.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз жактоочуларын Орозо айы учурунда кол салууларды АКШда, Европада, Орусия, Австралия, Ирак, Сирия, Иран жана Филиппинде жасоого үндөдү.

Мындай чакырык топтун атынан маалымат алмашуучу Телеграм түйүнүндө жарыяланган аудиокайрылууда айтылган.

Кайрылууну ИМ тобунун басма сөз катчысы Аби ал-Хассан ал-Мухажер окуган.

Добуштун нукуралуулугу башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек, бирок үн ал-Мухажирдин буга чейинки аудиокайрылууларына окшошуп турат.

Бул аралыкта Кошмо Штаттар “Ислам мамлекети” тобунун согушкери жана химиялык курал жасоого тиешеси бар деп шектелген эки адамга каржылык санкция киргизди.

АКШнын Каржы министрлиги санкция киргизген Аттала Салман Абд Кафи ал-Жабури, маалыматка караганда, Ирактын Киркук провинциясында бомба жасаган жайдын башчысы.

Ал эми “глобалдык террорчу” деп сыпатталган Марван Ибрахим Хуссейнал-Азауи - ИМ тобунун Ирактагы лидери жана химиялык курал даярдоо ишине тиешеси бар.

Кечээ ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп өзү анын администрациясынын “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү боюнча стратегиясын эки апта ичинде жарыялай турганын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG