Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:41

Кыргызстан менен Индиянын футбол командалары беттешет


Кыргызстандык футболчулар.

Бүгүн Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары 2019-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында беттешет.

Оюн Индиянын Бангалор шаарындагы Sree Kanteerava стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат. Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, беттештин жүрүшү КТРК Спорт каналы аркылуу түз көрсөтүлөт.

Кыргыз футболчулары ак түстө, мелдеш кожоюндары көгүш түстөгү кийимчен оюн талаасына чыгышат. Оюнга жапониялык Ямамото Юдаи башкы калыс болот. Ага мекендештери Наги Тошиюки жана Очи Шинжи көмөктөшөт.

23 футболчудан турган Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчулары 10-июнда Индияга сапар тарткан.

Азия кубогуна тандоо оюндарынын үчүнчү раундунда 24 команда алты топко бөлүнүп ойноп жатат. Алардын арасынан 12 команда финалдык таймаштарга жолдомо алат. Кыргызстан А тобуна Индия, Мьянма жана Макао курамалары менен бирге бөлүнгөн. Мелдештер 28-мартта башталып, кыргыз футболчулары Бишкекте Макао курамасын 1:0 эсебинде утса, Мьянмалыктар өз жеринде индиялыктарга 0:1 эсебинде жеңилген. Азия кубогуна тандоо оюндары 2018-жылдын 27-мартына чейин уланат.

Ушул убакытка чейин ар бир команда жалпысынан алты оюн ойнойт. Алардын үчөө Бишкекте болот. Кийинки беттешин кыргыз футболчулары 5-сентябрда Мьянма курамасы менен өз талаасында өткөрмөкчү. (ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG