Жефф Сешнс бүгүн АКШ Сенатынын былтыркы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн жана президент Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Москва менен ыктымал байланыштарын иликтеп жаткан комитетиндеги коомдук угууда көрсөтмө бергени жатат.
Анткени, президент Дональд Трамп менен мурда да, азыр да кызматташ болуп жаткан башкы прокурор жана юстиция министри Сешнстин орус расмий өкүлдөрү менен былтыркы карым-катнаштарын иликтөө алдында.
Иликтөөнү Сенаттын, Эл өкүлдөр палатасынын комитеттери мнен катар ФБР да жүргүзүүдө.
Өткөн аптада Сенат комитетинде ФБРдин президент Трамп кызматтан бошоткон мурдагы директору Жеймс Коми көрсөтмө берген эле.
Ал президенттин өзүнүн Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусия менен байланыштары боюнча ишти жабуу өтүнүчүн көрсөтмө иретинде кабыл алганын билдирген. (UE)