Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Райондук сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кароону улантат


Текебаев менен Чотонов Биринчи май райондук сотунда.
Текебаев менен Чотонов Биринчи май райондук сотунда.

Бүгүн, 14-июнда, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери, убактылуу абактагы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, убактылуу абактагы Дүйшөнкул Чотоновдун негизги ишин кароону улантат. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттык” үналгысына билдирди.

- Доо арыз жазганга мыйзамдык укугу бар. Бул жерде адвокаттарга дагы ойлонуп, жазып, даярдаганга бир-эки күн болуш керек да. Эгер алар беш күн берип атса, ага карабай эле бүгүн карап атат. Бул "арыз берсеңер бергиле, бербесеңер биз кайра беребиз" деген сөзү болуп атат. Биз баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча көзөмөл арыз менен Жогорку Сотко кайрылабыз.

12-июнда Бишкек шаардык сотунда Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы гана каралары айтылган. Ушул эле күнү Өмүрбек Текебаевдин дагы баш коргоо чарасы каралып, сот аларды камакта калтырган чечимин чыгарган. Буга прокуратуранын Ө.Текебаевди камоо тууралуу соттун буга чейинки чечимин мыйзамдуу деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылганы себеп болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG