Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Кыргызстанда өз ыктыяры менен кан тапшыргандар кескин азайды


Бүгүн Бишкектеги “Чынар” соода борборунда кан тапшырган донорлорго болгон муктаждык тууралуу элге түшүндүрмө берген акция өтөт. Каалоочулар ошол жерден кан тапшырса болот. Бул иш-чара Кан берүүчүлөрдүн эл аралык күнүнө карата уюштурулууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандагы Кызыл чырым уюмунун маалымат катчысы Бегимай Асанова билдирди. Ал өлкөдө өз ыктыяры менен кан тапшырган жарандардын саны кыскарганын белгиледи.

-Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда миң жабыркоочу болсо аларга бир гана донор туура келет. Учурда кан таңсыктыгы күч, абал оор.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда башка мамлекеттерге салыштырмалуу кан донору жетишпейт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча ар бир миң адамга 40-60 донор туура келиши керек.

Өлкөдө азыр 4 миңге чукул ардактуу донор бар. Аларга айына миң сомдон жөлөк пул берилип турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG