Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 11:33

Москвада Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору, 12-июндагы ири акциянын уюштуруучусу Роман Рубанов 10 суткага камалды. Ал полицияга баш ийген эмес деп айыпталууда.

12-июнда Орусиянын ондогон шаарларында өткөн коррупцияга каршы акцияда 1,5 миңден ашуун адам кармалган. Мунун алдында аталган фонддун негиздөөчүсү Алексей Навальный бийликтин басымы жана бут тосуусунан улам акция Москвадагы Сахаров проспектисинде эмес Тверь көчөсүндө болорун айткан. Рубанов Сахаров көчөсүндө калып, ошол жерде кармалган. Акциянын алдында кармалган оппозициячыл саясатчы Навальныйды сот митинг өткөрүү тартибин бузду деген негизде 30 суткага камаган. Орусиянын Тергөө комитети полицияга кол салуу боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду. (КЕ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG