Түндүк Корея үгүт плакатын уурдоого айыпталып 15 жылга эркинен ажыратылган америкалык студент Отто-Фридерик Уомбирди бошотту. АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон студентти камактан чыгаруу тууралуу макулдашуу жетишилгенин жана учурда ал Кошмо Штаттарга, үй-бүлөсүнө келатканын билдирди. Ошондой эле ал дагы АКШнын үч жаранын камактан бошотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты. Камактан бошотулган студенттин ата-энеси Уомбир комада экенин Washington Post басылмасына билдиришкен. Алар соттон көп өтпөй баласына ботулизм диагнозу коюлганын айтышкан. Түндүк Корея тараптын айтымында, Уомбир уйку келтирген каражат колдонгондон кийин комага түшкөн.
Виржини университетинин 22 жаштагы студенти Түндүк Кореяда 2016-жылдын башында кармалган. Бул өлкөнүн бийлиги америкалык туристти “Кастык аракеттерге” барган деп айыптаган. Бирок кандай аракеттер экенин ачыктаган эмес.
Уомбир өзү отелде илинип турган саясий плакатты алып салганын жана бул аракети Түндүк Корея элинин мотивациясына доо кетирүү үчүн жасалганын пресс-конференцияда айткан. Ал бул көрсөтмөсүн эч кандай басым, кысымы жок бердиби-жокпу белгисиз. Өткөн жылдын март айында сот аны 15 жылга эркинен ажыраткан.