Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:04

Кошмо Штаттардын башкы прокурору Жефф Сешнс АКШ Сенатынын былтыркы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн жана президент Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Москва менен ыктымал байланыштарын иликтеп жаткан комитетиндеги коомдук угууда көрсөтмө берди. Ал Трамптын штабы менен Орусия расмий өкулдөрү менен тымызын сүйлөшүүсү тууралуу маалыматы жок экенин айтты. Ал орус элчиси менен эки жолу жолукканын, бирок анда булар тууралуу сөз болбогонун кошумчалады.

Сешнс Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, кийин ФБРдин президент Трамп кызматтан бошоткон мурдагы директору Жеймс Коминин позициясы жана ФБРди жаңыртуу тууралуу талкуулашканын айтты.

Коминин Орусиянын шайлоодогу кийлигишүүсү тууралуу кандай иликтөө жүргүзүп жатканы тууралуу маселе президент Трамп менен талкууландыбы деген суроого Сешнс жооп берүүдөн баш тартты. Ошондой эле Коми менен болгон сүйлөшүүсүн Трамп жазып алган-албаганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Муну менен президент Дональд Трамп менен мурда да, азыр да кызматташ болуп жаткан башкы прокурор жана юстиция министри Сешнстин орус расмий өкүлдөрү менен былтыркы карым-катнаштарында анын ролун аныктоо болчу.

Иликтөөнү Сенаттын, Эл өкүлдөр палатасынын комитеттери менен катар ФБР да жүргүзүүдө. Өткөн аптада Сенат комитетинде Жеймс Коми көрсөтмө берген эле.

Ал президенттин өзүнүн Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин Орусия менен байланыштары боюнча ишти жабуу өтүнүчүн көрсөтмө иретинде кабыл алганын билдирген. (КE)

XS
SM
MD
LG