Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:46

Нарында селдин, Чүйдө шамалдын чыгымдары такталууда


Нарын облусунун Жумгал районунда 13-июнь күнкү селдин кесепети такталып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 13-июнда Чаек айыл аймагындагы алты турак жайдын короолорун суу каптаган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Сел сууларын сордуруу үчүн министрликтин 12 куткаруучусу, жергиликтүү 50 тургун жана үч техника тартылды. Тазалоо иштери уланууда.

Чүй облусунда 13-июнь күнү кечи саат 21:00дөн 23:10го чейин ылдамдыгы секундуна 28 метрге чейин жеткен шамал болду. Бороон Кара-Балта шаарында бир турак жайдын төрт шыйпыры учуруп кеткен. Коопсуздукка байланыштуу шаарда электр жарыгы эки саатка өчүрүлгөн. Тактоо иштери уланууда.

Жалал-Абаддын Аксы районунда дарыяларга суу киргендиктен 4-июндан бери өзгөчө кыдаал режими алына элек. (SE)

XS
SM
MD
LG