Баткен шаарында таштанды талаасына жакын жашаган тургундар жергиликтүү бийликке кайрылып, ал жерди ирээтке келтирүү талабын коюшту. Алар күн ысыган сайын сасык жыт чыгып, жугуштуу оорулар көбөйүшү ыктымал деп кооптонуп жатышат.
Мэриядан кабарлашкандай, калаадан 25 чакырым алыстыкта таштанды үчүн атайын жер бөлүү маселеси каралып жатат.
Учурдагы таштанды аянты Баткен шаарынын четиндеги Айгүл-Таш подстанциясына 200 метр жакын жайгашкан. (JsA)