Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда террордук акт жасоону көздөгөн жаран кармалганын билдирди. Ал эл аралык террордук уюмдун өкүлү экени, Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келгени аныкталганы айтылат 14-июнда таратылган расмий маалыматта.
Атайын кызматтын малымат катчысы Рахат Сулаймановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, шектүү атайын уюштурулган террорго каршы иш-чарада колго түшкөн:
- Ал Кыргызстандын жараны. 2014-жылдан тарта эл аралык террордук уюмдун катарында жүрүп, Сириядагы калабага катышып, диверсиялык даядыктан өтүп келгени аныкталды.
Шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө абагына камалды. (SE)