Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу "Ата Журт" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн даттанып Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу партиянын шаардык штабынын жетекчиси Тагайбек Казакбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, алар 2098-шайлоо участогундагы добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарууну айтып БШКга кайрылышкан. Ал жерде шайлоого катышкан адамдардын санынан бюллетендердин саны көп чыгып калган.
- БШК биздин арызды канааттандырган жок. Андыктан Бишкектин 1-май райондук сотуна бергенбиз. Ал сот да БШКнын чечимин күчүндө калтырды. Эми Жогорку сотко кайрылдык. Эртең, 15-июнда Жогорку сот карайт.
Маалыматка караганда, эгер бул участоктун добуштары жокко чыкса, КСДП бир мандатынан ажырайт.
28-майда өткөн шаардык кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоодо алты партия тийиштүү босогодон өткөн. Анын жыйынтыгын чыгаруу сот ишине байланыштуу токтоп турат. (RsK)