Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Кыргызстанда кайрылман макамын 10 миңден ашуун киши алган


Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы Тажикстандан көчүп келген кыргыздар.
Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы Тажикстандан көчүп келген кыргыздар.

Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, эгемендик алгандан бери Кыргызстанга 33218 этникалык кыргыз көчүп келген. Учурда алардын 30211и Чүй облусунун аймагында жашайт. Кайрылмандардын көбү Тажикстандан келгендер. Ушу кезге чейин жалпы 10376 киши гана кайрылман макамын алган. Аларга турак жай үчүн жер тилке бөлүп берүү маселеси аягына чыкпай жатат.

Оторбаев Ош облусунун Кара-Суу районунда Тажикстандын Мургаб аймагынан келгендерге 22 жылдан бери жер берилбей, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында, Ысык-Ата районунда кайтып келген кыргыздар оор шарттарда жашап жатышканын кошумчалады.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга кайрылман макамы берилет. Бул макам алардын жарандык алуусуна көмөктөшүү, укуктук жактан коргоо жана мамлекеттик камкордукка алууга багытталган.

Буга чейин жүргүзүлгөн иликтөөлөр кайрылмандардын коомго аралашуусунда, аларды укуктук жана социалдык камсыздоодо көйгөйлөр бар экенин көрсөткөн. (ZKo/NT)

XS
SM
MD
LG