"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Орусияда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты өтчү жайлардын курулуштарында иштегендердин укуктары сакталбай жатканын билдирди. Уюм жумушчуларга эмгек акылары төлөнбөй, кооптуу шарттарда иштешкени, бул маселелерди козгогондор куугунтукталганын маалымдады.
14-июнда чыккан докладда айтылгандай, кеминде 17 киши курулуштарда каза тапкан. “Дүйнө чемпионатынын стадиондорун курган жумушчулар эксплуатация жана ар кандай зомбулукка кабылып жатышат. ФИФА мындай жагдайларды көзөмөлдөп, алдын алып жана абалды оңдой аларын көргөзө элек”, - деди уюмдун директору Жэйн Бьюкенен.
ФИФА болсо Орусиянын курулуштарында "айрым эмгек стандарттары сакталбаганын" моюнга алуу менен укук коргоочулардын сынын четке какты. Дүйнөлүк футбол уюмунун жетекчилиги өз аймагындагы адам жана эмгек укуктарын коргоо милдети Орусия бийлигине жүктөлөрүн белгиледи.
Дүйнө биринчилиги Орусияда 2018-жылы өтөт.