Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:04

Лондондогу бийик имаратта чыккан өрттөн жабыркап, ооруканага түшкөндөрдүн саны бери дегенде 30 адам экенин шаардык Тез жардам кызматы билдирди. Grenfell Tower имаратында өрт чыкканы тууралуу 14-июндун таңында кабарланган, 200дөн ашуун өрт өчүрүүчү "тилсиз жоо" менен күрөшүүдө.

27 кабаттуу имараттын көп бөлүгүн жалын чалмаган. Өрт өчүрүүчүлөр "тилсиз жоо" менен күрөш кыйынчылык менен коштолуп жатканын, колдон келген аракет жумшаларын билдиришкен.

ВВС тараткан кабарга ылайык, имарат курчоого алынды. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG