Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Акыйкатчы: армияда өлгөн жоокерлерге кенемте төлөнүшү керек


Кыргыз армиясынын жоокерлери.
Кыргыз армиясынын жоокерлери.

Кыргыз армиясында былтыр алты жоокер өз жанын кыйганын акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жоокерлердин суицидге баруу себептери иликтенбей калууда. Мындай окуялар боюнча көп учурда кылмыш иши козголбойт. Акыйкатчынын пикиринде, армияда милдетин өтөп жүрүп каза тапкан бардык жоокерлер үчүн кенемте төлөнүүгө тийиш.

Аскер прокуратурасынын маалыматында 2010-жылдан бери куралдуу күчтөрдүн катарында 80ден ашык жоокер каза тапкан. Алардын 60 пайыздан ашыгы өз өмүрүн кыйган. Тергөө жыйынтыгында суициддердин жарымына чоңсунуу же уставга туура келбеген мамилелер себеп болгону аныкталган. (ZKo/NT)

XS
SM
MD
LG