Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

Текебаев менен Чотоновдун соттогу иши убактылуу токтотулду


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна бүгүнгө белгиленген отурум токтотулду. Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бүгүн алардын негизги иши каралмак. Бирок Чотоновдун жактоочулары Жогорку сотко көзөмөл арыз жазганына байланыштуу иш токтотулду.

12-июнда Бишкек шаардык соту экөөнүн баш коргоо чарасын карап, аларды камакта калтырган чечимин чыгарган. Чотоновдун адвокаттары бул чечимге каршы көзөмөл арыз менен Жогорку сотко кайрылган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип февралдын этегинде убактылуу абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. (SE)

XS
SM
MD
LG