БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш алдын ала жарыяланбаган визит менен Ооганстанга барды. “Жаңы эле Кабулга келип кондум. Өкмөт жана эл менен жолугушам. Улуттар Уюму зомбулук, азап чегүү өкүм сүрүп жатканда Ооганстан менен бирге", - деп жазды 14-июнда баш катчы Твиттерде.
31-майда ооган баш калаасындагы ири жардыруу 150 кишинин өмүрүрн алып кеткен эле. Бул – АКШ баштаган чет өлкөлүк аскерлер киргизилген 2001-жылдан берки эң кандуу кол салуу болуп калды.
Гутерриш буга чейин Борбор Азия жумурияттарына, анын ичинде Кыргызстанга барып кеткен.