Каракол шаарынын борбордук аянтында 14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата кан тапшыруу акциясы өттү. Ага шаардагы 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар катышты. Иш-чарада облустук оорукананын, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана Кызыл ай коомунун өкүлдөрү Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнүн тарыхы жана донорлордун укуктары тууралуу айтып беришти. Андан сырткары жарандардын кан басымы өлчөнүп, гемоглобиндери текшерилди.
"Иш-чаранын максаты - тургундарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакыруу", деди облустук биргелешкен оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаев.(AsM)