Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Камактагы оппозициячылардын соту 27-июнга жылды


Камактагылардын жактоочулары
Камактагылардын жактоочулары

Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деп айыпталган саясатчылар Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековдун соту 27-июнда уланат. Тиешелүү чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алганын айыпталуучулардын адвокаты Нина Зотова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, бүгүн шаардык сот камактагы оппозициячылардын апелляциялык арызын кароого киришти. Бирок камактагыларды жактоого жаңы тартылган эки адвокаттын "жашыруун" делген материалдар менен таанышууга уруксат алышы үчүн жараян кийинкиге которулду:

- Эки жаңы адвокат ишти жактоого киришти. Алардын "өтө жашыруун" материалдарга уруксаты жок болчу. Ошондуктан аларга уруксат берилмейинче жараян жылды. Сотто адвокаттардын уруксаты барбы-жокпу деген маселе гана каралды. Иш "өтө жашыруун" деген гриф менен өтүүдө.

"Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деп камакка алынган оппозиция өкүлдөрүнө сот өкүмү 17-апрелде чыккан. Ишти караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловго төрт жылга шарттуу өкүм берген.

Жакындары менен адвокаттар Биринчи Май райондук соту катаал өкүм чыгарганын белгилеп, жогорку инстанцияга кайрылышкан. Асанов менен Кадыров былтыр 24-мартта “бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалган.

Андан кийин ушундай эле кине менен эксперт Эрнест Карыбеков, ага насаатчы болгон деп коомдук ишмер Дастан Сарыгулов камакка алынган болчу. Бийлик алар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракеттенгенин айтса, өздөрү жана жарандык коом алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттогонун белгилеп келишет. Камактагылардын жаза мөөнөтүн эсептөө 2016-жылдын 24-мартынан тарта башталары бүгүнкү сотто белгилүү болду. (NT)

XS
SM
MD
LG