Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Тажикстанда ИМ тобуна кошулуп кеткен полковниктин уулу соттолот


Гулмурод Халимов.
Гулмурод Халимов.

Тажикстан Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, “Ислам мамлекети” радикал уюмуна кошулуп кеткен полковник Гулмурод Халимовдун уулу сот жообуна тартылат. "Азаттык" радиосунун тажик кызматы күч түзүмдөрдөгү тергөөгө катышкан булактан алган маалыматка караганда, Бехруз Халимовго “кылмыш жасоого даярдык көрүү” жана ”куралдуу топко жалдануу” беренелери боюнча айып тагылууда. 18 жаштагы Халимов өздөрүн “Гулмурод Халимовдун досторубуз” деп атаган адамдар менен социалдык тармактардан байланышып турганы, алардын жардамы менен атасына Иракка кетүүгө даярданганы аныкталган жана кармалганда жанында Москвага билет табылган, - деди атын атабаган булак.

ОМОНдун мурдагы командири, полковник Халимов 2015-жылдын апрелинде дайынсыз болуп, майдын этегинде видеокайрылуу жасап, Сирияда жүргөнүн, “Ислам мамлекети” уюмуна кошулууну чечкенин айткан.

Айрым маалымат каражаттары анын набыт кеткенин жазышкан.

XS
SM
MD
LG