Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

"Бир дүйнө - Кыргызстанга" тасмаларды кабыл алуу мөөнөтү узарды


Фестиваль жеңүүчүлөрүнө берилчү эстелик.
Фестиваль жеңүүчүлөрүнө берилчү эстелик.

"Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы адам укугуна арналган тасмалардын кезектеги фестивалына фильмдерди кабыл алуунун мөөнөтүн 30-июнга чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган кыймылдын жетекчиси Төлөкан Исмаилова кабарлады. Анын айтымында, фестивалга катышуу үчүн 40тан ашуун тасма келип түштү:

- Бул ирет Казакстан менен Өзбекстан кызыкдарлыгын билдирип, Борбор Азия чөлкөмүнө убакытты узартууну суранышкан. Эл аралык фильмдердин баарын тандашты. Анын ичинде 21 тасма бар. Ал эми Борбор Азия үчүн мөөнөт 30-июнда бүтмөй болду.

Мыкты даректүү тасмалар 15 кишиден турган атайын топ карап чыккандан кийин иргелип алынат. Фестиваль быйыл "Адам укугу жана эркиндиги туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында" деген ураан менен 16-20-октбярь күндөрү Бишкекте өтөт.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы он биринчи ирет өтүүдө. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат. "Азаттык" радиосунун журналисттери даярдаган бир нече фильм бул фестивалга катышып, байге алган. (КE)

XS
SM
MD
LG