Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Биринчи Май райондук соту Шыкмаматовдун ишин кароону улантат


Алмамбет Шыкмаматов абактагы партиялашы Өмүрбек Текебаевди коргоо митингинде сүйлөп жатат
Алмамбет Шыкмаматов абактагы партиялашы Өмүрбек Текебаевди коргоо митингинде сүйлөп жатат

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу ишти карайт. Бул тууралуу саясатчы өзү “Азаттыкка” билдирди.

24-майда сот айыпталуучулар менен алардын жактоочуларынын ишти Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту эмес Свердлов райсоту карасын деген өтүнүчүн канааттандырган эмес. Айыпталуучулар мындан улам кассациялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна, андан кийин Жогорку Сотко кайрылган. Мындан улам негизги иш боюнча соттук териштирүү убактылуу токтогон болчу.

Шыкмаматов баштаган үч адамга Башкы прокуратура быйыл 17-февралда "коррупция" беренеси менен иш козгогон. Аларга "мыйзамсыз, жасалма тендер өткөргөн, мамлекетке зыян келтирген" деген күнөө коюлууда. Айыпталгандар дооматтарды четке кагып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG