Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Апасына кайрылган жигиттин видеосу тууралуу маалымат берилди


Иллюстрация
Иллюстрация

Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев интернетте апасына кайрылган видео боюнча маалымат берди. Ал “Менде баары жакшы, барам, апа” деп көзүнө жаш алган адам Замирбек Атамкулов эмес экенин айткан.

Алиев бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, жакында энеси издеп жаткан Атамкулов тууралуу маалымат берилерин кошумчалаган.

- Бул видеодогу жаран изделип жаткан Атамкулов Замир эмес деп расмий билдиребиз. Замир боюнча жакында расмий билдирүү беребиз.

Буга чейин интернетте Орусияга кеткен уулунун кайрылып келишин зар какшап, тилеген жалалабаддык эненин видеосу тараган. Кийин Аксы районундагы Кызыл-Жар айылынын тургуну 1977-жылы туулган Замирбек Атамкулов аттуу уулу төрт жыл мурун Орусияга аттанып, ошол бойдон дайын-дареги белгисиз экени маалымдалган.

"Замко, кел. Үйлөнгөн болсоң, жетелеп келе бер. Бул жакка келип, бала-чака күт, үй-жайыңды кара. Жаман болуп кеттим. Сагындым. Таң атса кеч кирбейт, кеч кирсе таң атпайт. Атаң салган тамда отурам. Замко, кел!", - деп кайрылган эне.

Социалдык тармактарда тараган “Баары жакшы, мен барам, апа” деген жигиттин видеосун көргөндөр аны энеси күткөн Замирбек Атамкулов деп боолголошкон. Айрымдар аны “калпычы” деп жазып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG