Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

АКШ Сенаты Орусияга каршы санкцияларды колдоду


Кошмо Штаттардын Сенаты көпчүлүк добуш менен Орусияга каршы жаңы санкцияларды колдоду. Бул чектөөлөр АКШда 2016-жылда өткөн президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн киргизилип жатат. Кабыл алынган чектөөлөр Иранга каршы санкция жөнүндөгү мыйзамга киргизилет. Сенат бул мыйзамга бүгүн, 15-июнда добуш берет. Андан соң документ Конгресстин өкүлдөр палатасына жөнөтүлөт.

Жаңы чектөөлөр Орусиянын бир катар энергетикалык долбоорлоруна жана экономикадагы негизги секторлорду насыялоого тиешелүү. Мындан сырткары адам укуктарын бузганы, Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн курал менен камсыздаганы үчүн да киргизилет. Ал эми Украинадагы “агрессиясына” байланыштуу буга чейин киргизилген санкциялар мыйзам аркылуу бекемделет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG