Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:03

14-июнда республикачыл саясатчылар бейсбол ойноп жаткан маалда куралчан адам ок чыгарган. Маалымат каражаттары кол салган адам Иллионойс штатындагы Белвилл шаарынын тургуну Жеймс Ходгкинсон экенин жазышты. Кармоо маалында полиция аны жарадар кылган. Ал эми жараат алган Конгресстин өкүлдөр палатасындагы республикалык көпчүлүктүн лидери Стив Скалисеге операция жасалып, абалы туруктуу экени айтылат. Мындан сырткары дагы үч киши, эки күзөтчү, Конресстин аппаратынын кызматкери жараат алган. Алардын саламаттыгы коркунучта эмес экени айтылган.

Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Мо Брукс CNN каналына билдиргендей, окуя Вашингтондун чет жакасындагы Виржиния штатында болгон. Ошол маалда 20-25 чакты саясатчы бейсбол ойноп жаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG