Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Өзбекстан президенти диниятчыларды ифтар тамагына чакырат


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 15-июнда курултайга чогулган өлкөнүн дин ишмерлери менен жолугуп, Рамазан айынын урматына аларга ооз ачуу уюштурат.

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, курултайга 1200дөн ашык имам, диний уюмдардын кызматкерлери жана мугалимдер катышат. Алар өлкөдөгү диний билим берүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашат.

Мирзиёевдин катышуусундагы ооз ачуу кечеси 15-июнда Ташкенттеги “Навруз” ресторанында болот. Мурдагы жылдары өлкөдө коомдук жайларда ифтар өткөрүүгө тыюу салынып келген. Быйыл бул чектөө алынып салынганы менен Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы жамааттык ифтарларга каршы чыгып, мусулмандарды үйдө ооз ачууга чакырып келет.

XS
SM
MD
LG