Нарын облусунда селден улам Төлөк-Соң-Көл жолунда унаа каттамы токтоду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 14-июнь күнү түштөн кийин катуу жаандан улам коктуларда сел жүрүп, жол кум-шагылга толуп калган. Кочкор районундагы №14 жол тейлөө ишканасы тазалоо иштерине тартылды.
Сел аймактагы бир турак жайдын короосун да каптаган. Бир күн мурун да нөшөрдөн улам сел жүрүп, Чаек айыл аймагындагы Узун-Булак, Базаркан, Беш-Дөң кыштактарында үйлөрдүн короосуна суу кирген.
Ал эми Жалал-Абаддын Аксы районунда 4-июндан бери дарыяларга суу кирип, аймакка өзгөчө кырдаал жарыяланган. (SE)