Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадамадинов Кыргызстан менен Өзбекстан жарандарынын ортосундагы карым-катышты чечүү маселесин көтөрдү. 15-июндагы жалпы жыйында сүйлөгөн депутат эки өлкө ортосундагы расмий жолугушуулар, маданий алака жанданганы менен элдин бири бирине каттоосу, тууганчылык карым-катыштар чечилбей жатканын белгилеп, өкмөткө кайрылды:
- Тышкы иштер министрине тапшырма берсеңиздер, өкмөттүк деңгээлде жогорудагы маселеде иш жүргүзүп, катышты жакшы нукка салып берсе, эки элдин тең келечеги үчүн жакшы болор эле.
Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара маселелери 2010-жылдан кийин катаалдашкан. Ташкент чек араны бир тараптуу жаап, элдин эки жакка каттоосунда түйшүк жаралган. Учурда эки өлкөдө жашаган тууган-уруктар бири бирине каттоо үчүн чек арадан телеграмма менен гана өтүшөт.
2016-жылдын күзүнөн тарта өкмөттүк алакалар жанданып, маданият жаатындагы мамиле калыбына келе баштаган. (SE)