Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

ЕАЭБ: Казакстан Кыргызстанга 100 млн доллар бөлөт


Казакстан парламенти (Мажилис) Кыргызстанга каржылык көмөк көрсөтүү боюнча Бишкек менен Астана ортосундагы протоколду 14-июнда ратификациялады. Макулдашууга ылайык, Казакстан Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграцияланышына 100 млн доллар өлчөмүндө жардам берет.

Казак парламентинин басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи транш менен 41 миллион доллар бөлүнүп, бажы тармагына, техникалык жөндөө, транспорттук инсфраструктура, өрт коопсуздугу, саламаттык сактоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, фитосанитардык жана ветеринардык кызматка жумшалат. Экинчи транш качан берилери маалымдала элек.

Казак тарап каражаттын максаттуу пайдаланышын кошо көзөмөлдөйт.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондо Орусия жана Казакстан кайтарымсыз каржылык жардам көрсөтүүгө макулдашышкан.

XS
SM
MD
LG