Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

АКШ Катар менен биргелешкен машыгуу өткөрдү


Президент Трамптын айыптоолоруна карабай, америкалык аскерлер Катар менен бирге деңиз күчтөрүнүн машыгуусун өткөрдү жана Перс булуңундагы ал өлкөгө F-15 согуш учактарын сатканы жатат. Катардын коңшулары жана президент Дональд Трамп Катар терроризмди колдойт деп айыпташууда. Өткөн жумада региондогу бир нече мамлекет Доха менен дипломатиялык алакаларын үзүп салышкан.

Ошол эле маалда ал өлкөдө АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң чоң аскердик базасы бар. Удеид аба базасында 11 миң аскер кызмат өтөйт жана 100 учак жайгашкан.

Өткөн аптада болсо Пентагон Катарды “регионалдык коопсуздукту сактоого берилгендигин” кубаттаган эле.

XS
SM
MD
LG