Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:26

Белгилүү актер Алексей Баталов көз жумду


Актер Алексей Баталов
Актер Алексей Баталов

Москвада СССРдин эл артисти, белгилүү актер Алексей Баталов 88 жашында көз жумду. Маалыматтарга караганда, актер жыл башында жанбаш сөөгү сынып ооруканага жаткырылган. Баталов 40тан ашуун фильмде тартылган. 1957-жылы ал башкы ролду аткарган «Турналар учканда» тасмасы Канн кинофестивалында баш байгени жеңген.

1960-70-жылдары маркум орус классик жазуучулардын чыгармалары негизиндеги фильмдерде тартылып жүрдү.

Баталовдун эң эсте калган ролдорунун бири - «Москва көз жашка ишенбейт» деген тасмадагы каарман Гоша. Фильм 1981-жылы чет тилдеги эң мыкты тасма категориясында Оскар сыйлыгын алган.

Андан тышкары Баталов бир нече фильмдин режиссеру да болгон.

XS
SM
MD
LG