Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Шайлдабекова: соттуулугу бар жарандар президентикке талапкер боло албайт


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Күзүндө өтчү президенттик шайлоого соттуулугу бар жарандар талапкер болуп каттала албайт. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 15-июнда журналисттерге уюштурулган брифингде айтты. Ошондой эле талапкерлер мамлекеттик тилди жакшы билиши зарылдыгын, бул үчүн атайын тесттен өтөрүн кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 14-июнда президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алып, документ ошол күнү күчүнө кирген.

Ага ылайык, бүгүндөн баштап президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны расмий башталган. Президент болгусу келгендер 30 миңден кем эмес кол топтоп, шайлоо күрөөсүн жана президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү тууралуу саясий партиянын курултайынын чечимин БШКга тапшырышы керек. Өзүн-өзү көрсөткөндөргө белгиленген формада арыз толтуруп, Боршайкомго берүү талабы коюлган. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт.

Буга чейин шайлоого катышарын саясатчылар Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жарыялаган. КСДП премьер-министр Сооронбай Жээнбековду, "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди көрсөткөн. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков соттуулугу жоюла электигине карабай, мамлекет башчылыкка ат салышуу аракетин уланта берерин “Азаттыкка” билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG