Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

Аксыда 66 үй жер көчкү басып калуу коркунучунда турат


Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкөн аймак.
Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкөн аймак.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 66 турак жай райондун Ак-Жол айыл аймагында жайгашкан. Райкомол айылындагы кооптуу жердегилердин көпчүлүгү мамлекеттен ссуда жана жер тилкелерин алганы менен көчө элек:

- Райкомолдо жергиликтүү жарандар буга чейин оор кырсыкты көрүшсө да, кимдир бирөөлөрдүн азгырыктарына ишенип, кооптуу аймакта мыйзамсыз жашап келишүүдө.

Аксы районунун Райкомол айылында 2008-жылы жүргөн жер көчкү 16 адамдын, анын ичинен он бир баланын өмүрүн алган. ​

Райкомол айылындагы жер көчкү коркунучу бүгүн парламентте да көтөрүлгөн. «Республика – Ата-Журт» фракциясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев айыл тургундары көчкү алдында калышы мүмкүндүгүн, маселени чечүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылып жооп ала албай койгонун билдирген. Өзгөчө кырдаалдар министри жана анын орун басарлары эмне иш менен алектенип жатканын иликтөө зарылдыгын айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG