Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер болгон жарандын өзүн колдогон кишилердин колун чогултуусунаа чектөө киргизет. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 15-июнда Бишкекте өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, кол топтоо боюнча көрсөтмө учурда эксперттик топтун талкуусунда.
Буга чейинки эрежеге ылайык, талапкер 30 миңден кем эмес кишинин колтамгасын топтошу керек эле. Бирок чектөө коюлбай, канча cанга чейин кол чогултаары жазылган эмес. Жаңы эрежеге ылайык, 30 миңден көп бирок белгилүү бир санга чейин чектөө киргизүү сунушталууда.
- Биз бул суроону азыр талкуулап жатабыз. Кечээ ушул инструкция боюнча жыйын курдук. Бир катар кемчиликтер жана сунуштар айтылды. Андыктан, бул документти кайра карап чыгуу зарылдыгы жаралды,- деди Шайлдабекова.
Талапкердин 30 миңден ашык кол топтоосу тууралуу талап шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамда камтылган. (SE)