Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңешти БШКнын ишине таасир этпөөгө чакырды. Бул тууралуу ал 15-июнда Бишкекте өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, парламенттеги айрым депутаттар президенттикке талапкерлердин кол чогултуусуна байланыштуу маселени көтөрүп жатат:
- Биз кайсы бир маселеде депутаттардын суроолоруна жооп берүүгө даярбыз. Бирок кол топтоого байланыштуу так чечим кабыл алынганга чейин депутаттардын буга аралашпай турууларын суранабыз, - деген Шайлдабекова БШКнын ишине кийлигишүү мыйзам бузуу болуп саналарын жана ага жаза колдонуларын эскертти.
Эрежеге ылайык, жаран президенттикке талапкер болуу үчүн жактоочуларынан 30 миңден кем эмес кишинин колтамгасын топтошу керек. Бирок чогултулган колдун эң көбү канча болушу керек деген маселени эксперттик топ жакында аныктамакчы. (SE)