Казакстанда ракета ташуучунун бөлүктөрү кулаган жерде өрт чыгып, бир киши каза тапты, дагы бирөө жарадар болду. Дарыгерлер анын абалы оор дешүүдө. Роскосмостун билдиргенине караганда, ракета ташуучунун бөлүктөрү мурда пландалган аймакка кулаган. "Союз 2-1а" Байкоңурдагы космодромдон 14-июнда ийгиликтүү учурулган, капталындагы блоктор Жезказган шаарынан 50 километр батыш тарапка кулаган, - делинет Орусиянын Космос агенттиги жасаган билдирүүдө.
Казакстандын Чукул кырдаалдар комитети болсо ракетанын фрагменттери Талап айылына жакын жердеги талаага кулагандан кийин өрт чыкканын, бир киши мерт болуп, дагы бирөө денесинен күйүк алганын маалымдады. Бул эки адам тең ракетанын бөлүктөрүн жыйноо ишине тартылгандар болчу. Роскосмос катуу шамалдан улам от машинаны чалганын, анын айдоочусу каза тапканын тактады.