Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Президенттикке талапкер кыргыз тилин орто деңгээлден жогору билиши керек


Президенттикке талапкер болгусу келген жарандардын кыргыз тилин билүүсү орто деңгээлден жогору болушу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли атайын тест менен сыналат.

Ошондой эле талапкердин курагы 35тен 70 жашка чейин болууга тийиш. Чет элдик жарандыгы жок жана Кыргызстанда 15 жылдан кем эмес жашаган болушу кажет. Соттуулугу бар кишилер талапкерликке катталбайт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG