Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:43

Базар-Коргон: тестиердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Райондун Акман айылындагы Жаңы-Акман участкасында жайгашкан мал сарайда аңчылык курал менен ойногон 7-класстын окуучусу он бир жаштагы тууганын кокустан атып алды.

Жергиликтүү милициядан кабарлашкандай, окуя 13-июнда болгон. Ок баланын бутуна тийип, мал сарай айылдан алыс болгондуктан, туугандары келгиче каза тапкан. Балдар бөлө экени белгилүү болду.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (ок атуучу куралды сактоодогу шалаакылык) боюнча кылмыш ишин козгоду, тергөө жүрүп жатат. Каза болгон баланын сөөгүн туугандары Токтогул районуна алып кетишкен. Анын ата-энеси ажырашып кетип, апасы менен таенесинин колунда жүргөн. (RsK/NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG