Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Баткенде беш лагердин бирөө гана иштеп жатат


Баткен.
Баткен.

Баткен облусундагы беш лагердин бирөө эле иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, аймакта беш лагер бар. Учурда Баткен районундагы “Алтын бешик” лагери гана иштеп, анда 100 бала эс алууда.

Лейлек районундагы лагер 20-июнга чейин ишке кирет. Кызыл-Кыя шаарындагы «Абшыр-Ата”, Сүлүктү шаарындагы “Тоо-Бүркүтү” лагерлеринин ондоп-түзөө иштери бүтпөй турат.

Быйыл облуста жалпысынан 700 баланы лагерде эс алдыруу пландалган. Мындан тышкары, колу жука жана ата-энеси жок 150 бала мамлекеттин эсебинен эс алат. Баткен облусу боюнча жалпысынан 93 миңдей мектеп окуучусу бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG