Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Пакистан премьери каралоого туш болуп жатканын айтты


Наваз Шариф.
Наваз Шариф.

Пакистан премьери үй-бүлөсүнүн банк эсептерин иликтеген комиссиянын суроолоруна жооп берди. Наваз Шариф анын үй-бүлөсү оппоненттери тарабынан “каралоого” туш болуп жатканын, коррупцияга малынбаганын айтты. Бүгүн Исламабадда анын жакындарынын офшордук компаниялары жана арам акчаны адалдоо боюнча комиссиянын угуулары өттү. Жогорку Соттун буйругу менен жүргүзүлүп жаткан иликтөө барган сайын саясий боёк сүртүлүүдө.

“Бул - мага каршы паракорлук дооматтар эмес, үй-бүлөмдүн жеке бизнесин каралоо аракети, менин кызматыма, өкмөттөгү коррупцияга эч кандай тиешеси жок” – деди Шариф кабарчыларга. Премьер-министр комиссиянын суроолоруна үч саат бою жооп берди. Пакистан тарыхында биринчи жолу кызматтагы өкмөт башчы ушундай комиссиянын көрсөтмөсүнө тартылды. Панама досьеси чыккандан кийин 2016-жылы башталган иликтөө Шариф үй-бүлөсүнүн – эки уулу менен кызынын миллиондогон доллардык эсептерин жана премьердин ал тууралуу калп айтканын текшерүүдө. Шариф жана анын жакындары айыптарды четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG