Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондондун батышындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт боюнча коомдук иликтөөнү дайындады. Ал эми жергиликтүү полиция кырсык боюнча иликтөө башталганын билдирди.
14-июнда Лондондун Кенсингтон аймагында көп кабаттуу имараттан чыккан өрт 17 кишинин өмүрүн алды. 500дөй кишинин дайыны жок болууда. Ооруканаларда 40тай адам жатат. Алардын 17синин абалы оор экени айтылууда. Куткаруучулар имараттын ичин издөөнү улантууда. Өрттүн себептери азырынча аныктала элек.
Өрт чалган үй 1974-жылы курулган, анда 120дан ашуун батир болгон. (КЕ)