Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Сербия өкмөтүн алгачкы жолу аял киши башкарат


Ана Брнабич кумсалардын акциясында, сентябрь, 2016
Ана Брнабич кумсалардын акциясында, сентябрь, 2016

Сербияда премьер-министрдин кызматына биринчи жолу аял кишинин талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Президент Александр Вучич мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу министри Ана Брнабичке өкмөттү түзүү тапшырмасын бергенин Белградда журналисттерге билдирди. Эгер анын талапкерлигин парламент бекитсе Сербиянын тарыхындагы алгачкы аял премьер-министр болуп калат.

“Мен Сербиянын парламентине Ана Брнабичти жаңы премьер-министр катары көрсөтүп жатам. Анын бул кызматка барышы үчүн профессионалдык жана жеке сапаттары бар деп ишенем”, - деп билдирди Вучич.

“Эгер мени парламент бекитсе, өз ишимди жоокерчилик, жана берилгендик менен аткарам”, - деген Брнабич президентке ыраазычылыгын билдирип, жаңы өкмөттү түзүүгө даяр экенин айтты.

Сербия парламентинде көпчүлүктү Вучичтин тарапкерлери жана анын партиясынын өнөктөштөрү түзөт. Брнабич болсо Сербия прогрессивдүү партиясынын мүчөсү эмес.

41 жаштагы Ана Брнабич Кошмо штаттарда жана Лондондо билим алган. 2006-жылы ал Аймактык экономикалык өнүгүү боюнча улуттук кеңешин түзгөн. Брнабич өзүнүн ЛГБТ өкүлү экенин коомчулукка ачык айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG